Буга чейин болуштуктун айрым адамдары Жантай манаптарынын кыянатчылыгына нааразылык билдирип, Токмок уездинин жетекчисине кайрылышкан. Уезд башчысы "кыргыздардын ич ара араздашуусу алардын ортосунда орун алган жаатчылык жана болушту шайлоо өнөктүгүнөн чыккандыктан, арыз ээлеринин доосуна көңүл буруунун кажети жок" деген чечим чыгарган.