31- Июль 2004 -жылы Советтик жана кыргыздын коомдук-саясий ишмери Апсамат Масалиев каза болгон
Советтик жана кыргыздын коомдук-саясий ишмери, Кыргыз ССРинин БКсынын 1-катчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апсамат Масалиев жүрөк оорусу кармап, 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жетекчиси Апсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында туулган. Апсамат Масалиев 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, 3 жылдан соң Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк Коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн. "Кыргызкөмүр" трестинин участогунда начальниктин жардамчысы, шахтанын башкы инженеринин орун басары, тресттин башкы инженеринин жардамчысы, партиянын Ош обкомун өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инструктору, башчысы, Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары, партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, партиянын БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысы, катчысы, Фрунзе шааркомунун төрагасы, партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, КПСС БКнын инспектору, Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, ошол эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Госгортехнадзорунун директору болуп иштеген. 
Ал 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 
1985-жылдан тартып Кыргызстандын Коммунисттик партиясын жетектеген Апсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон.
СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты болгон. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл-Туу, Манас-II ордендери жана медалдар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан