“Спартак” клубунун чабуулчусу, бразилиялык футболчу Арикленес да Силва Феррейра Форталезада туулган. Арикленес алгач карьерасын 2004-жылы "Аваи" клубунда баштаган. Ошол эле жылы "Форталезу" клубуна өткөн. 2006-жылы жазында Ари Европадагы "Кальмар" клубу менен келишим түзгөн. 2006-жылы 23-оюнда 15 гол киргизип клубдун мыкты бомбардири деп табылган. Ал эми 2007-жылы жайында "Аз" клубуна өтүп, 3 жылдан соң 2010-жылы 5-февралда "Спартак" менен келишим түзгөн.