11- Декабрь 1940 -жылы
Химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимов туулган
Химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимов Өзгөн районуна караштуу Ничке-Сай кыштагында туулган. Ал химия илимдеринин доктору (1986), профессор (1987), Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги, Химия жана химиялык технологиялар институтунун директору, 1967-жылы КПССке мүчө болуп кирген.
1956-жылы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Ош мамлекеттик педагогика институтуна өткөн. 1962-жылы институтту бүтүргөндөн кийин жарым жылга чейин мектепте иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасында окуган. 1965-жылдан тарта Ош мамлекеттик педагогика институтунда (окутуучу, кафедра башчысы, проректор, биология факультетинин деканы) болуп иштейт. 130дан ашык илимий эмгектери бар. Алардын көпчүлүгү СССР Илимдер академиясынын журналына жана союздук Конференциялардын материалдарына жарыяланып, чет элдик тилдерге которулган. Мамлекеттин жетекчилигинде Ош педагогика институтунун химиктери менен турмуш-тиричилик үчүн маанилүү элементтердин аракеттенүүсүнүн илимий негиздерин иштеп чыгып жаңы натыйжалуулукка ээ болгон биоактивдүү препараттарды синтездөөдө эмгектенишкен. СССРдин эл агартуу жана элге жогорку билим берүүнүн, Кыргыз ССР элге билим берүүнүн отличниги. Владимир Лениндин 100 жылдыгына карата "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалы, СССР Илимдер академиясынын Н.С.Курнаков атындагы эстелик медалы менен сыйланган.