3- Декабрь 2013 -жылы
Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков кызматынан убактылуу четтетилген
"Шаар башчысы өзүнө карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу тергөө бүткүчө кызматта болбойт" деген чечим кабыл алынган. М.Бообеков "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталган.
Мэрдин кызматынан убактылуу четтетилүүсүнө ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде Ысык-Көл облустук прокуратурасынын 2013-жылдын 25-ноябрындагы токтому негиз берген. Мирлан Бообеков өзү козголгон кылмыш иштери боюнча күнөөлүү эместигин, соттук териштирүүдө баары ачыкталарын билдирген.