4- Декабрь 2013 -жылы Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов өз каалоосу менен кызматтан кеткен
Шаар башчысы бул кызматта 2010-жылдын 8-апрелинен тарта иштеп келген.
“Билсеңиздер, мен бул кызматка Апрель окуяларынан кийин келгем. Анда баш аламандык, жерди басып алуу, мыйзамсыз иш-аракеттер көп болчу. Бирок кандай болгон күндө да шаар үчүн болгон күч-аракетимди жумшадым. Мен артымда жакшы из калтыргым келди”, - деген Иса Өмүркулов өз сөзүндө.
Ошондой эле ал борбордогу базарларды тартипке келтиргенин, шаар ичиндеги 118 чакырым жол оңдолгонун кошумчалаган.
Эске сала кетсек, 2-декабрда Иса Өмүркулов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталып, ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (жер мыйзамдарын бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан