5- Декабрь 2013 -жылы
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кызматтан алынган
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кызматтан алынгандыгы тууралуу жарлыкка 5-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Жаңы шаар башчысы шайлангыча мэрдин ордуна Ош шаарынын биринчи-вице-мэри Алимжан Байзаков убактылуу дайындалган.
Өкмөт Мелис Мырзакматовдун кызматтан бошотулуусу Ош шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу экенин билдирген.
Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңештеги шайлоодон кийин, 2012-жылдын март айынан тарта мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген. "Мындай статус өкмөт башчы шаардык кеңеш менен макулдашпай туруп мэрди кызматтан четтете алат дегенди түшүндүрөт" деп билдиришкен өкмөттөн.