Шабдан баатырдын орус бийлигине жолдогон 1905-жылкы петициясында императордун аталган жардыгы белгиленип, ал Түркстандагы мусулман калкына дин эркиндигин алып келгени айтылган. Мындан тышкары, императордун жардыгы менен Түркстан аймагындагы мусулмандар диний жетекчиликти өздөрү каалагандай шайлап алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.