12- Декабрь 1912 -жылы
Коомдук жана саясий ишмер Абды Сүйөркулов туулган
Абды Сүйөркулов - советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер. Кетмен-Төбөнүн Торкент кыштагында төрөлгөн, ал эмгек чыйырын керектөө кызматынан баштап, 1940-жылдан КПСС мүчөсү. 1932-жылга чейин орто жана жогорку окуу жайларда окуган. 1932-1941-жылдары райондук жана областык чарбалык уюмдарда жетекчи кызматтарда. 1941-1942-жылдары Эмгекчи депутаттарынын Жалал-Абад областык советинин аткомунун председатели, 1942-1944-жылдары Кыргызстан БКнын секретары. 1946-жылы ВКП(б) БКнын Партиялык жогорку мектебин бүтүргөн. 1946-49-жылдары Кыргызстан КП(б) БКнын үчүнчү жана экинчи секретары. 1947-50-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин, 1950-1959-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин председатели. 1959-1969-жылдары Кыргыз ССР соода министри. 1946-1962-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты.
Эки Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу ордени менн сыйланган.