13- Декабрь 1941 -жылы
ОСОВИАХИМ Харьков тигүү фабрикасын Фрунзе шаарына жайгаштыруу туурасында чечим кабыл алынган
Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши Кыргыз өлкөсүнө эвакуацияланган ОСОВИАХИМ Харьков тигүү фабрикасын Фрунзе шаарына жайгаштыруу туурасында чечим кабыл алган. Фабрика Республикалык жеңил өнөр жай эл комиссариатына ыйгарылып, анын жетекчилиги фабриканы сүт саткан базардын бир ыптасына жайгаштырган. Элдик комиссарлар кеңеши Республикалык жеңил өнөр жай эл комиссариатына тигүү фабрикасын куруу ишине дароо киришип, даяр продукциянын 1942-жылдын 10-январында берилишин талап кылган.