14- Декабрь 1920 -жылы
Пишпек шаарында сабатсыздыкты жоюу үчүн уезддик атайын комиссия уюштурулган
Түркстан АССРинин Билим берүү элдик комиссариатында сабатсыздыкты жоюу үчүн түзүлгөн атайын комиссиянын программасына ылайык, Кыргызстанда да тийиштүү чаралар көрүлө баштаган. Пишпек шаарында сабатсыздыкты жоюу үчүн уезддик атайын комиссия уюштурулуп, аймактагы сабатсыз адамдарды мектеп партасына отургузуп, сабат жоюп, кат таануу иштери жүргүзүлгөн.