Согуштун айынан Кыргыз өлкөсүнө эвакуацияланган геологдор менен палеонтологдор Серафимовка кыштагынан илим үчүн маанилүү ачылыш жасашкандыгын билдиришкен. Академик Алексей Борисовский башында турган илимпоздор үч салалуу жылкы-гиппариондун сөөгүн табышкан. Мындан тышкары, байыркы доорго таандык деңиз жана кургак жандыктардын скелеттери чыгып, ал Кыргыз өлкөсүнүн аймагында биосферанын эволюциялык өнүгүшүн аныктаган.