18- Декабрь 2011 -жылы
Чехословакиянын акыркы, Чехиянын биринчи президенти Вацлав Гавел каза болгон
Чехословакиянын акыркы, Чехиянын биринчи президенти Вацлав Гавел рак оорусунун айынан 75 жашында каза болгон.
Вацлав Гавел 1936-жылы 5-октябрда Прагада туулган. Ал чехтердин чыгаан жазуучусу жана мамлекеттик ишмери, ошондой эле драматург, публицист, акын, диссидент, демократ саясатчы болгон. Ал Чехословакиянын акыркы (тогузунчу) президенти (1989-1992-жылдары) жана өз алдынча өлкө болуп калган Чехиянын туңгуч президенти (1993-2003-жылдары) болгон.