20- Декабрь 2009 -жылы Ирандагы ислам революциясынын баштоочуларынын бири Монтазери Хосейн-Али кайтыш болгон
Иранда таасирлүү аятолла Хоссейн Али Монтазери 87 жашында каза тапкан. Ал уйкуга жаткан бойдон турган эмес. Таасирлүү дин адамы катары Али Монтазери азыркы бийликти исламга жамынып алып диктатура орнотуп жатат деп бир нече ирет сындаган. Ал 1979-жылдагы ислам революциясынын башкы архитекторлорунун бири катары да белгилүү болгон. Ал ислам республикасынын негиздөөчүсү Рухоллы Хомейнинин мураскери болмок, бирок 1989-жылы аны менен уруша кетип, ошондон кийин Ирандын башкы лидери болуп аятолла Али Хаменеи бийликке келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан