Орусиялык ырчы, алып баруучу, модель, “Аалам периси” наамынын жеңүүчүсү Оксана Фёдорова Орусиянын Псков шаарында туулган. Юридикалык билим алып, милициянын майору болгон. Ал "Санкт-Петербург периси" (1999), "Орусия периси" (2001) наамдарын багынтып, 2002-жылы "Аалам периси" деп табылган. Бирок окуусуна байланыштуу "Аалам периси" наамынан баш тартып сенсация жараткан.