Орусиялык муз үстүндөгү бийчи жана машыктыруучу Илья Авербух Москва шаарында төрөлгөн. Ал муз үстүндө бийлөө боюнча жуптукта Марина Анисина менен жаштар арасында 2 ирет Дүйнө чемпиону аталса (1990, 1992), Ирина Лобачёва менен "Солт-Лейк-Сити-2002" Кышкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган. Ошондой эле Ирина менен Дүйнө чемпиондугун (2002), Европа чемпиондугун (2003) жана үч ирет Орусиянын чемпиондугун уткан (1997, 2000, 2002).