22- Декабрь 1858 -жылы
италиялык композитор Жакомо Пуччини туулган
Италиялык композитор Жакомо Пуччини Лукка шаарында туулган. Ал музыкадагы "веризм" агымынын көрүнүктүү өкүлү болгон. Атактуу композитор Верди каза болгондон кийин эң кыйын деген опералык композитор деп Жакомо Пуччини аталган. Жакомонун өлүмүнөн кийин Италиянын операсы өзүнүн лидерлигин жоготкон.