16- Декабрь 1939 -жылы
Медицина илимдеринин доктору, академик Миталип Мамытов туулган
Нейрохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти Миталип Мамытов Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында туулган. Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайын жана Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык дипломдору менен бүтүргөн. 1972-жылы Ленинградда кандидаттык, 1987-жылы Киевде докторлук диссертацияларын жактаган. Республикалык клиникалык ооруканада нейротравматология бөлүм башчысы, ассистенти, 12 жыл бою неврология жана нейрохирургия кафедрасынын доценти, профессору, 1999-жылдан ушул бөлүмдүн кафедра башчысы, 1997-жылдан ушул убакка чейин Кыргызмедакадемиясынын илимий жана дарылоо иштери боюнча проректору. Кыргыз республикасынын Эмгек синирген врачы, Эл аралык "Боорукер" наамынын ээси, Орусиянын нейрохирургдар ассоциациясынын Президиумунун ардактуу мүчөсү, Нью-Йорк илимдер академиясынын анык мүчөсү, "Алтын кылымдын" 100 асыл адамдарынын бири. 100дөн ашык илимий иштердин, 4 окуу куралынын, 3 ойлоп табуунун жана автордук күбөлүктүн, 4 рационалдык сунуштун автору. "Данк" медалы менен сыйланган. 2001-жылдан Бүткүл дүйнөлүк нейрохирургдар ассоциациясынын жетекчилер тобунун мүчөсү, ушул эле жылы Кембридждеги (Англия) эл аралык борбордун "Алтын медалына" татыктуу болгон.