Фрунзе шаардык жумушчу депутаттар кеңеши Кыргыз өлкөсүндөгү эң көлөмдүү бульварды республиканын борборунда негиздөө туурасында чечим кабыл алган. Шаардык депутаттар архитекторлордун бульвар салынчу көчөнү мурдагы Ат-Башы, азыркы Жаш Гвардия бульварын тандаган долбоорун жактырышкан. Ошентип болочок эс алуучу жайдын план-долбоору камдала баштаган. Шаардык жашылдандыруу курулуш бирикмесине бульвар түшө турган көчөгө бак-дарактарды отургузуу ишин баштоо тапшырмасы берилген.