Италиялык модельер, “Dolce & Gabbana” кийим маркасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Стефано Габбана 1963-жылы 14-ноябрда Италиянын Милан шаарында төрөлгөн. Атасы Миландагы бай стилисттердин бири болгондуктан, Стефано бала чагында эле моданы кууп кийинчи. Кичинекей кезинде С.Габанна сүрөт тартуу өнөрүнө кызыгып, Италиядагы көркөм колледждин графика жана дизайн бөлүмүнө тапшырган. Ал окуп жатып, сүрөтчү болуп иштеп акча тапчы. Колледжди аяктаган соң Стефано креативдүү директор адистигине ээ болгон.