18- Декабрь 1918 -жылы
Пишпек уездинде адегенде Новопокровкалык кедейлер комитети уюштурулган
Большевиктер партиясы бийлигин орнотуу максатында жергиликтүү кедей-кембагалдарды өз тарабына активдүү тартыш үчүн аларга бийлик укуктарын да берген. Большевиктер колдонгон ыкманын бири Кедейлер комитети болгон. Кедейлер комитети жакырлар менен орто чарба дыйкандардын башын кошуп, бийлик колуна тийгенден кийин алар совет үчүн жан үрөп күрөшкөн.