Совет бийлиги тарабынан Кемел Шабдановго Кытайдын Кашгар жана Кулжа провинциялары менен байланыш куруп, коюлган тапшырмаларды аткаруу милдети жүктөлгөн. Кемел Шабдановго ыйгарылган дипломатиялык укукка ылайык, анын жүгү жана почтасы текшерилбей, аны коштогон адамдар кармалган эмес. Мындан тышкары бардык бийлик тармактарына ага колдон келген жардам көрсөтүшү талап кылынган.