18- Декабрь 1986 -жылы
Партиялык диктатка каршы көтөрүлгөн казак жаштары Алматынын Борбордук аянтындагы стихиялуу митингди улантышкан
Миңдеген адам Казакстан компартиясынын биринчи катчысы Динмухамед Кунаевдин кызматынан бошотулуп, анын ордуна “борбордон” түшүрүлгөн Г.Колбиндин келишине каршы пикирлерин билдирип турушкан. Атайын түзүлгөн партиялык штабда демонстрацияны таратуу туурасында чечим чыгарылып, Алматыга алынып келген аскерлер адамдары ур-токмокко алып, аянтты бошотушкан. Аскер менен кагылышта миңдеген адам жаракат алып, алды соттолуп, айрым адамдар дайынсыз жоголгон.