15- Декабрь 2013 -жылы
III Эл аралык "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы аяктаган
Фестивалга жалпысынан 23 тасма катышкан. Алардын 10у улуттук номинация боюнча, ал эми 13ү эл аралык номинация боюнча. Тасмалар үч күн бою “Манас” кинотеатрында көрсөтүлүп, калыстар тобунун жана элдин сынына коюлган. Жыйынтыгында улуттук номинация боюнча “Эң мыкты тасма” наамына Руслан Акундун “Перегон” тасмасы татыса, “Мыкты режиссёрдук иш” наамын “Кара далы” тасмасынын режиссёру Алижан Насыров алган. Ал эми Марсбек Бусурманкуловдун “Переваливший через века народ” тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына ээ болсо, “Элдин купулуна толгон тасма” наамына Руслан Акундун “Перегон” тасмасы ээ болгон.
Ошондой эле эл аралык сынакта “Эң мыкты тасма” наамы Шарофат Арабованын (Тажикстан) “Между” тасмасына ыйгарылган. Ашот Кещяндын (Армения) “Алхас и Джульетта” тасмасы “Мыкты режиссёрдук иш” наамын алган. Ал эми Давид Пипианын (Грузия) “Поколение войны” фильми калыстардын атайын сыйлыгына арзыса, Айнура Исмаилованын (Казакстан) “Отец” тасмасы “Элдин купулуна толгон тасма” наамына арзыган.
Жеңүүчүлөргө 50 миң сомдон акчалай сыйлык жана диплом, статуэтка тапшырылган.