13- Декабрь 2013 -жылы
Академик Сабырбек Жумабеков Казакстандын “Достук” ордени менен сыйланган
Академик Сабырбек Жумабеков Казакстандын “Достук” ордени менен сыйлангандыгын Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунун басма сөз кызматы билдирген. Маалыматка караганда, Сабырбек Жумабеков бир тууган эки элдин ынтымагына, достугуна кошкон салымы үчүн Казакстандын ардактуу сыйлыгына татыктуу болгон. Ал бул күнгө чейин 3000ден ашуун казакстандык жаранга операция жасаган. Ошондой эле анын жетекчилиги алдында казак дарыгерлеринин 1 докторлук, 2 кандидаттык диссертациясы корголгон.