13- Декабрь 2013 -жылыАбжапар Эргешов Республикалык олимпиадалык резерв мектебинин директору болуп дайындалган
Буга чейин бул кызматты Төлөсүн Ысыралиев аркалап келген. Аны менен түзүлгөн эмгек келишими соңуна чыккандыктан, кызматтан алынган.
Ал эми Абжапар Эргешов 2011-жылга чейин Бишкек гуманитардык университетинин ректору кызматын аркалап, кийин КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын эксперти болуп эмгектенген.