13- Декабрь 2013 -жылы
Мисирде соңку 122 жылдан бери боло элек суук катталган
Мисирде соңку 122 жылдан бери боло элек суук катталганын чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышкан. Негизи Мисирде ар дайым күн тийип, жылуулукту сүйгөн туристтердин эс алуучу аймактарынын бири. Ал жерде кышкысын ашып кетсе 3-4 ирет гана жамгыр жаап, калган убакта ар дайым күн тийип турат. Ал эми бул убакта Мисирде абанын температурасы -7 градуска дейре төмөндөп кеткен. Айрым райондорунда жана Каирде көнөктөп жааган жамгырдан улам автотыгындар көбөйүп, ал эми метеорологдор жергиликтүү тургундарга эшикке чыкпоосун эскертишкен. Эң оор кырдаал Мисирдин Жер Ортолук деңизине жакын жайгашкан аймактарда катталып, Шарм-эш-Шейхтеги порттор жабылган. Марс-Матрухеде балыкчылардын кемеси чөгүп, алардын баары куткаруучулардын жардамы аркылуу аман калышкан.