13- Декабрь 2013 -жылы Корея Элдик-Демократиялык Республикасында саясий ишмер Чан Сон Тхэк өлүм жазасына тартылган
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жалпы журтуна жаңы жылдык кайрылуусунда «Биздин партия катарыбыздагы таштандылардан тазалануу үчүн чечкиндүү кадамдарды кабыл алды» деп билдирип, жездеси Чан Сон Тхэктин өлүм жазасына тартылганын кабарлаган. Чанга «бийликти кулатууга аракет кылган», «коррупцияга аралашкан» деген оор айыптар тагылган. Ал 13-декабрь күнү өлүм жазасына буйрулуп, ошол эле күнү дароо атылган. Түштүк Кореянын Чалгындоо кызматынын маалыматына ылайык, Чанды Түндүк Кореянын Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин имаратында ири калибрлүү зениттик пулемёттун окторуна денесин калбыр кылган. Буга чейин Кытайдын мамлекеттик басылмалары «аны атайын ач кармалган иттерге талатып өлтүрдү» деген маалымат тараткан. Дүйнөнү дүң кылган бул кабар жалган болуп чыккан. 
Чан учурунда азыркы лидердин атасы Ким Чен Ирдин саясаттагы эң ишенимдүү кишиси болгон жана ал Түндүк Кореядагы таасирдүү адам болгон. Камалганга чейин Коргоо комитетинин орун басары болуп эмгектенип келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан