20- Декабрь 1918 -жылы Пишпек уездинин бай-манаптары менен кулактар казынага 2 миллион рубль төгүүгө милдеттендирилген
1917-жылкы Октябрь революциясынан кийин Совет өлкөсүндө оор экономикалык кырдаал жаралган. Мамлекеттеги граждандык согуш уланып жаткан чакта тышкы интервенция уланып, ал тамак-аш тартыштыгы менен коштолуп турган. Мындай кырдаалдан чыгуу максатында Түркстан борбордук аткаруу комитети 1918-жылы бүткүл жеке чарба ээлеринен мамлекет казынасына кирешенин 10 пайызын алуу туурасында буйрук чыгарган. БАКтын буйругуна жараша 1918-жылдын 20-декабрына чейин Пишпек уездинин бай-манаптары менен кулактар казынага 2 миллион рубль төгүүгө милдеттендирилген. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан