20- Декабрь 1954 -жылы Кыргыздын биринчи академиктерине жогорку илимий наамды тапшыруу аземи болуп өткөн
Кыргыздын биринчи академиктерине жогорку илимий наамды тапшыруу үчүн өткөрүлгөн Кыргыз ССР Илимдер академиясынын кезектеги жыйыны опера жана балет театрында ачылган. Кыргыздын биринчи академиктери шайлоо жолу эмес, аныктоо ыкмасы менен жогорку илимий наамды алышкан. Илим изилдөө институттары менен жогорку окуу жайлар жогорку илимий наам үчүн 100 талапкерди Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешине сунуш кылышкан. Министрлер кеңешинин атайын токтому менен талапкерлер арасынан 13 академик жана 14 мүчө-корреспондент аныкталган. Илимдер академиясынын салтанаттуу жыйынында, илим докторлору - Иса Ахунбаев, Игорь Батманов, Анна Волкова, Бегимаалы Жамгырчинов, Иван Дружинин, Николай Захаров, Евдокия Розова, Константин Юдахин, Болот Юнусалиев жана илим кандидаттары - Асылбек Алтымышбаев, Жумагул Алышбаев, Сталиндик сыйлыктын лауреаты Түгөлбай Сыдыкбеков менен Кыргыз ССРинин Эл акыны Аалы Токомбаевдерге академиктик наам тапшырылган.
Жаңы академиктер ушул эле жыйында Илимдер академиясынын президенттик кызматына Иса Ахунбаевди, СССР Илимдер академиясынын академиги Константин Скрябинди Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ардактуу мүчөлүгүнө шайлашкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан