20- Декабрь 1699 -жылы Пётр I Орусияда Жаңы жылды 1-сентябрдын ордуна 1-январда тосуу тууралуу мыйзам чыгарган
Жаңы жыл майрамы эң эски майрамдардан. Байыркы Египеттиктердин пирамидаларын изилдеп жатышып, археологдор "жаңы жылдын башталышы" деген жазууларды табышкан. Натыйжада Байыркы Египеттиктер жаңы жылды сентябрь айынын аяктарында, Нил суусунун кирип баштаган убагында белгилешкен. Кургак талааларга жан кирип, дыйканчылык кылуу үчүн Нил суусунун толкуп ташып кенен акканы абдан зарыл эле.
Ал эми байыркы римдиктер биздин заманга чейин эле жаңы жылдык белектерди бири-бирине тартуулашып, ал түнү таң аткыча бири-бирине жакшы тилектерин айтышып, майрамдашчу. Алар узак жылдарга чейин жаңы жыл майрамын март айынын башталышында белгилешкен. Качан гана Юлий Цезарь өзүнүн Юлиандык календарын түзгөндөн кийин жаңы жыл майрамы январдын биринчи күнүнө жылдырылган. Римдиктердин Янус кудайынын урматына, эң биринчи ай Январь атын алган. Аларда жаңы жыл тосуу майрамы "Календа" деп аталган. Майрам күнү элдер бири-бирине ар кандай белектерди жана Янус кудайынын сүрөтү түшүрүлгөн тыйындарды тартуулашкан. Кул менен кожоюн дасторконго чогуу отуруп, чогуу шапар тебишкен. Алгач римдиктер императорго майрамдык белекти өз көңүлдөрүнөн тартуулашса, кийин императорлор белек алып келүүгө мажбур кыла баштаган. Император Калигула болсо жаңы жыл күнү өз сарайынын алдындагы аянтка чыкчу да, белек бергендерди ким эмне берди, канча берди деп тизмеге алуу менен кабыл алууга өткөн. Байыркы Вавилондо жаңы жыл жаз күндөрүндө өткөрүлчү. Майрам убагында падыша бир канча күнгө шаардан чыгып кетчү да эл өз каалашынча майрамдаганга мүмкүнчүлүк алчу. Бир канча күндөн кийин падыша менен аялы майрамдык каада-салтка ылайык, шаарга кайтып келишчү да элдер жумуштарына кайтышчу. Галлиянын жашоочулары - Кельттер (азыркы франциянын жана Англиянын бир бөлүгүнүн жашоочулары) жаңы жылды октябрь айынын аяктарында майрамдашчу. Бул майрам аларда Samhain деп аталчу ("summer's end" сөзүнөн келип - жайдын бүтүшү деген маанини билдирген). Майрам күнү келттер үйүн ар кандай арбактарды кууй турган чөптөр менен кооздошчу. Алар жаңы жылда өлгөндөрдүн жаны тирилип келет деген ойдо болушкан. Муну менен бирге келттер да римдиктердин көптөгөн каада-салттарын тутунушчу. Айрыкча жаңы жыл күнү белек талап кылуу аларга да жуккан. Көбүнчө алтындан жасалган жасалгаларды тартуулашчу. Орто кылымдарда англичандар жаңы жылды март айларында майрамдашчу. Кийин 1752-жылдары парламенттин чечими менен жаңы жылды январь айына жылдырабыз дегенде, аялдар оппозициялык көз карашын билдиришкен. Нааразычылык билдиришкен айымдар тобу, спикерге "парламенттин аялдарды эрте карытканга укугу жок" экенин айтышканда спикер "мына сага аялзатынын классикалык ой жүгүртүүсү" деген. Деги эле байыркы замандарда жаңы жылды жазга байланыштырышкан. Табияттын жаңыдан ойгонушу менен келечектеги түшүмдүүлүктүн кабары элдерди бейкапар калтырчу эмес. Ушундан улам байыркы орус эли да жаңы жылды 1-мартта тосушчу. Кийин Москванын чиркөөсүнүн чечими менен жаңы жыл грек календарына туураланып, 1-сентябрга жылдырылган. Петр I Европага саякаттап келген соң жаңы жылды 1-январга которгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан