23- Декабрь 1985 -жылы
Алжир өлкөсүнүн мамлекеттик ишмери Ферхат Аббас көз жумган
Африкадагы Алжир өлкөсүнүн мамлекеттик ишмери, Алжирдин көз карандысыздыкты алуусуна чоң салым кошкон Ферхат Аббас 86 жашында көз жумган.
Ферхат Аббас 1899-жылы 24-августта көп балалуу үй-бүлөдө туулган. 1924-жылы Алжир университетине фармацевт адистиги боюнча тапшырган. Студент кезинде эле коомдук иштерге активдүү катышып, 1924-жылы Парижде Түндүк африкалык мусулман студенттердин коомун түзүүдө чоң салым кошкон. 1931-жылы Ферхат Аббас ал коомдон чыгып, 1933-жылы Алжирдин элдик бирикмесин түзүүгө катышып, саясатка кадам таштаган.