28- Июль 1954 -жылы
Венесуэланын президенти Уго Чавес туулган
Венесуэланын президенти Уго Чавес туулган.
1992-жылы Венесуэладагы көтөрүлүштүн башында турган. Бирок кан төгүүнү токтотуу үчүн колго тушүп берген. 2 жыл абакта отурган. Абактан чыккан соң "V Республика" аттуу кыймылын түзгөн.
1998-жылы президенттик жана парламенттик шайлоодо жеңген. 1999-2013-жылдары Венесуэланын президенти болгон.
2011-жылы рак оорусунан чалдыккан. Президентке 4 операция жасалып, акыркысы 2012-жылдын декабрь айында болгон. Акыркы операциядан соң абалы оорлошкон Чавес көп убакыт Кубада дарыланып, өз өлкөсүнө февраль айынын ортосунда гана келген. Ал 2012-жылдын октябрь айында ооруганына карабай президенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 54 пайыз добушу менен жеңүүчү болуп, бирок инаугурациясына жетпей калган.