1980-1990-жылдар аралыгында Чыгыш Европада революциялар орун алып, бийлик социалисттик лидерлерден оппозицияга өтүп жаткан. Бирок Румыниядагы саясий окуялар башкалардан кан төгүү, бийлик башында турган адамды өлүм жазасына тартуу менен аяктаган.
Румыниянын жумушчулар партиясынын лидери Георге Геогиу-Дежа каза болгондон кийин анын ордуна 1965-жылы 47 жаштагы Николае Чаушеску келип, бат эле элдин сүймөнчүгүнө айланат. Ал эки жылдан кийин Мамлекеттик кеңештин төрагасы болгон. 1974-жылы Румыниянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизип, Чаушеску өлкө президенти болгон. Чаушеску бийлик башында турган алгачкы жылдарда өлкөдө либералдык реформалар байкалып, Румынияга кирип чыгуу кыйынчылыкты жаратпай, чет элдик басылмалар эркин сатыла берген. Президент өзүн коммунист-реформатор катары көрсөтүп, батыш өлкөлөрү менен тыгыз иштеше баштаган. Ага миллиондогон кредиттер берилип, өнөр жай тармагы өнүгүү жолуна түшкөн.
Көп өтпөй Румыния каатчылыкка кабылат. Өнөр жай товарлары жагынан батыш өлкөлөрүндө атаандаштыкка туруштук бере албай калат. Чаушеску миллиондогон кредиттердин экинчи тарабын көрүп, 1983-жылы референдум өткөрөт да чет элден акча алууга тыюу салат. Батыш өлкөлөрү эгер Румыния СССР менен кызматташууну токтотуп, Варшава келишиминен чыкса карыздарды кечирүүнү сунушташат. Чаушеску буга макул болбой коёт. 1989-жылы апрель айында тышкы карыздары төлөнгөнү менен өлкөдө экономикалык кырдаал өзгөргөн эмес.
1989-жылы 16-декабрда Тимишоаре шаарында эл козголуп, жергиликтүү мамлекеттик органдардын мекемелерин кыйроого учурата башташкан. Диний ишмер Ласло Тёкешанынбийлик тарабынан куугунтукталышы, жашоонун кыйындап, жакырчылыкка кептелиши элдин көтөрүлүп чыгышына түрткү болот. Эл арасында 17-декабрга караган түнү башаламандык күч менен токтотулуп, миңдеген адамдар өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тарап кеткен.
20-декабрда Чаушеску улуттук телевидениеде сөз сүйлөп жатып, башаламандыкты бейбаштар уюштурганын айтат. Эртеси 21-декабрда Бухарестте президенттин 100 миңдеген тарапташы чогултулган. Ири санда чогулган эл алдында өлкө башчы "мени эл колдойт" деген дымак менен сүйлөп жаткан. Көп адамдардын чогулушунан пайдаланып, эл арасындагы оппозиционерлер тобу петардаларды жардырып, хаос чыгарып ийишет. Президенттик сарайдын балконунда эл алдына чыгып сөз сүйлөп жаткан Чаушеску элдин нааразылык иретиндеги кыйкырыктарын токтото албай кирип кеткен. Ал ушунча чогулган эл мени колдоп келди деген ишенчите турган.
Башчы сөзүн үзгүлтүккө учуратып басып кеткенден бир нече саттан кийин Бухарестте ок атыла баштаган. Бул учурда Чаушеску аялы менен тик учак аркылуу качып кетет. Кийин унаа менен Пиешти шаарына бара жаткан жерден аскерлердин колуна түшөт. Николае жана жубайы Елена Чаушеску Тырговиште шаарындагы аскердик түрмөдө эки күн кармалат да ошол жерде эле соту болгон. Алар улуттук экономиканы кыйратуу, элге ок атуу, геноцид, чет өлкөлүк банктарда жашыруун эсеп ачкан, мамлекеттик институттарды жок кылган деп айыпталышат. 25-декабрда сот болуп экөө тең күнөөлүү деп табылган. Аларга таандык мүлк конфискацияланып, өлүм жазасына тартуу өкүмү чыгарылган. Президентти жана анын аялын жоокерлер казармасынын короосуна алып чыгып атып салышкан. Үч күндөн кийин тактан кулатылган президенттин өлүм жазасына тартылгандагы видеосу румын телевидениесинен көрсөтүлгөн.