18- Декабрь 2013 -жылы Ош облусунда эң жаш айыл өкмөт башчы шайланган
Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда шайлоо болуп өткөн. Шайлоо 2 тур менен өтүп, 1-турда 3 талапкер катышкан. Ал эми 2-турга мурунку айыл өкмөт башчы Бакытбек Алайчиев жана Эрнис Толтоев чыккан. Жыйынтыгында 11 депутат Эрнис Толтоевди, 8 депутат Бакытбек Алайчиевдин талапкерлигин колдошкон.
27 жаштагы Эрнис Толтоев буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болуп иштеп келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан