14- Декабрь 2013 -жылы
"Супер-Инфодон" кышында экзотикалык ысык өлкөгө жолдомо ырчы Каныкей, Добр, Нурзат Токтосунова жана Эрмек Нурбаевге берилген
"Супер концерт-2013" учурунда "Супер-Инфо" менен көп жылдан бери тыгыз иштешип келе жаткан өзгөчө стили, оригиналдуу үнү менен элге таанылган ырчы Каныкейге, кыргыз шоу дүйнөсүнө алгачкылардан болуп рэп жанрын киргизген рэпер Добрга, сөзгө бай телеалпаруучу Нурзат Токтосуновага жана "Тамашоу" долбоорун түзүп, элди күлкүгө бөлөп келе жаткан алпаруучу Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо берилген.
Жылдыздар "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева менен чогуу Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга 2014-жылы 30-январда жөнөп кетишкен.