Жылдын триумфу «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы болгон. Себеби бул тасма «Супер тандоо-2013тө” 4 наамга ат салышып, баарында озуп чыккан. Тактап айтканда, тасманын өзү “Жылдын супер тасмасы” наамына көрсөтүлсө, андагы баш каармандардын ролун ийине жеткире аткарган Бектемир Мамаюсупов менен Аида Тулебаева “Жылдын супер актёру”, “Жылдын супер актрисасы” наамдарына талапкер болушкан. Ал эми аталган тасмада ырчы Каныкейдин аткаруусунда жаңырган “Садагам” саундтреги “Жылдын супер саундтреги” наамына ат салышкан. Жыйынтыгында, бул тасма 4 наам тең ээ болгон.
Тасма Түштүк Кореяда өткөн Сеул эл аралык кинофестивалынын атайын сыйлыгына да ээ болгон. Аталган тасманы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" наамын алган "Бишкек, мен сени сүйөм!" фильминин жаратуучуларынын бири Руслан Акун тарткан.