13- Декабрь 2013 -жылы
"Супер концерт-2013": Орункүл Шабралиева "Супер сулуу-2013" наамын утуп алган
13-14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жылдын мыктыларын аныктаган концерт болуп өткөн. Бул концертте жылдын супер сулуусу аныкталган. Шабралиева Орункүл "Супер сулуу-2013" сынагында жеңүүчү деп табылып, ага таажыны "Супер сулуу-2012" наамынын ээси Гузеля Келдибаева кийгизген.
Орункүл Шабралиева Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга жолдомо утуп алып, 2014-жылдын 30-январында сапарга чыккан.