14- Декабрь 2013 -жылы
“Супер концерт-2013”: “Заманыбыздын супер ырчысы” наамына Каныкей татыктуу болгон
Бишкекте 13-14-декабрда "Супер-Инфо" гезитинин салтка айланган жылдын суперлерин аныктаган концерти болуп өткөн. Бул жылкы концерт өзгөчө сюрприздерге бай болгон. "Супер-Инфо" гезити менен көп жылдардан бери тыгыз кызматташып келе жаткан ырчыларга жана алып баруучуларга сыйлыктар, жолдомолор тапшырылган.
Мындай жагымдуу сюрприз кыргыз шоу дүйнөсүндөгү өзгөчө стилдүү, өзгөчө үндүү ырчы Каныкейге буюрган. Ага "Заманыбыздын супер ырчысы" наамы, аны менен катар кычыраган кыштын ызгаарында ысык экзотикалык өлкөлөрдүн биринде эс алып келүүгө жолдомо тапшырылып, сыйлыкты “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов ыйгарган.