14- Декабрь 2013 -жылы
"Супер концерт-2013: “Заманыбыздын супер алып баруучусу” деп Нурзат Токтосунова табылган
13-14-декабрда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктоочу "Супер концерт-2013" концерти болуп өткөн. Концерт учурунда жылдын суперлеринен тышкары гезит менен көп жылдан бери тыгыз кызматташып келе жаткан ырчыларга, алып баруучуларга наамдар жана жолдомолор тапшырылган.
Нурзат Токтосуновага “Заманыбыздын супер алып баруучусу” наамы ыйгарылган. Сыйлыкты “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов тапшырган. Наамга кошумча алпаруучуга экзотикалык өлкөгө жолдомо берилген.
Ошондой эле "Тамашоу“ долбоорун түптөп, элге күлкү тартуулап келе жаткан алпаруучу Эрмек Нурбаевге да "Заманыбыздын супер алып баруучусу” наамы жана экзотикалык өлкөдө эс алып келүүгө жолдомо ыйгарылган.