14- Декабрь 2013 -жылы
"Супер тандоо-2013": "Жылдын супер ыры" наамына Гүлжигит Сатыбековдун "Мен сенден кетейинчи" ыры татыктуу болгон
“Жылдын супер ыры” наамына Гүлжигит Сатыбековдун "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры татыктуу болгон. Бул наамды "Заманыбыздын супер тобу" - "Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторов тапшырган.
Бул наамга Гүлжигит Сатыбековдун “Мен сенден кетейинчи” ырынан сырткары Нурмат Садыровдун “Мен сүйгөн менен пайда жок”, Нурлан Насиптин “Менин да сүйүүм ушундай” деген аталыштагы чыгармалары ат салышкан.