14- Декабрь 2013 -жылы "Супер концерт-2013": Добр "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" наамына ээ болгон
Бишкекте 13-14-декабрда "Супер-Инфо" гезитинин салтка айланган жылдын суперлерин аныктаган концерти болуп өткөн. Бул жылкы концерт өзгөчө сюрприздерге бай болгон. Себеби "Супер-Инфо" гезити менен көп жылдардан бери тыгыз кызматташып келе жаткан ырчыларга жана алып баруучуларга сыйлыктар, жолдомолор тапшырылган.
Мындай жагымдуу сюрприз кыргыз шоу дүйнөсүнө алгачкылардан болуп рэп жанрын киргизген рэпер Добрга да жылмайган. Ага "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" наамы, аны менен катар кычыраган кыштын ызгаарында ысык экзотикалык өлкөлөрдүн биринде эс алып келүүгө жолдомо тапшырылган. Сыйлыкты “Супер-Инфо” гезитинин президенти Шаиста Шатманова ыйгарган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан