29- Июль 1890 -жылы Голландиялык сүрөтчү Винсент Ван Гог өзүн-өзү өлтүргөн
Голландиялык атактуу сүрөтчү Винсент Ван Гог 1853-жылы 30-мартта төрөлгөн. 
Жети жашка толгондо айылдагы мектепте окуган, бир жыл өткөн соң карындашы менен бирге үйдө окуган. 1864-жылы 1-октябрда үйүнөн 20 километр алыстыкта жайгашкан Зевенбергендеги мектеп-интернатка кеткен. 1866-жылы Тилбергдеги Виллем II коледжинде окуп ошол жерден сүрөт тартууну үйрөнгөн. 30 жашында Ван Гог карапайым элге боор ооруткан сүрөттөрдү тарта баштаган. Ван Гогдун чыгармачылыгы Европанын маданиятынын бурулуш учурунун тарыхын көрсөткөн. Чыгармачылыгы жашоого жана карапайым элге болгон сүйүүгө толгон.
Ал ошол жылдары атактуулукка жеткени менен сүрөттөрү сатылчу эмес. 
1890-жылы 20-июлдарында Ван Гог сейилдегени чыгып өзүн жүрөк жакка револьвер менен аткан, бирок ок жүрөгүнө тийбей калган. 1890-жылы 29-июлда  көп кан жоготконунан каза болгон.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан