Бригадалык командирдин кабарына караганда, орус административдик кызматына тартылган кыргыздар ата теги жана мурдагы мансабына карабастан, манаптар менен тең ата болуп чыга келген. Ал эми кызмат тийбеген манаптар, тескерисинче, катардагы кыргыздар менен теңелип калган. Анткен менен Шабдан баатыр башка кыргыз жакшыларынан теги жана кадыр-баркы менен айырмаланып турган.