Кыргыз жериндеги жер-суу реформасы 1927-1928-жылдары жүргүзүлгөн. Ал үчүн башында агитациялык иш жасалып, жер-суу реформасынын маани-маңызы түшүндүрүлгөн. Ар бир волостко үгүттөө тобу жиберилип, алар айыл-кыштактарда саясий иштерди алып барышкан. Анын натыйжасында бай-манаптардын жери ортого алынып, коллективдүү менчик түрү аныкталган.