21- Декабрь 2000 -жылы
Парламенттик жашыруун шайлоодо арбын добуш топтоп, Курманбек Бакиев өкмөт башына келген
Кыргыз өлкөсүндөгү 2000-жылкы президенттик шайлоодон кийин, күн тартибине жаңы өкмөт курамын куруу маселеси коюлган. Президент Аскар Акаев парламентке мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев менен Чүй облусунун губернатору Курманбек Бакиевдин талапкердигин көрсөткөн. Парламенттик жашыруун добушта Чүй облусунун губернатору Курманбек Бакиев арбын добуш топтоп, өкмөт башына келген.