23- Декабрь 1844 -жылы
бугу уруусунун Орусия империясынан букаралык сурап кайрылуусуна жооп иретинде империянын Тышкы иштер министрлиги Боромбай Бекмуратовго кат жолдогон
Кыргыз уруулары арасында орун алган араздашуу кандуу кагылыш жаратып, анын натыйжасында бугу уруусу Орусия империясынан букаралык сурап кайрылууга мажбур болгон. Алардын өтүнүч катына жооп иретинде империянын Тышкы иштер министрлиги Боромбай Бекмуратовго кат жолдогон.
Министрдик бугу уруусунун букаралык сураган өтүнүчүн дипломатиялык ыкмага ылайык сылык четке кагып, тек гана алар менен мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирген. Ал эми бугу уруусунун империяга элчилик жиберүүгө болгон өтүнүчүн жол узактыгы менен опурталдуу татаалдыктарга шылтап, андан эч майнап чыкпайт деп, элчиликти жөнөтүү максатсыз экендигин билдирген.