Пишпек, Верный жана Жаркент уезддерине күчөтүлгөн коргоо абалы киргизилген. Себеби Орусиянын борборунда башталган 1905-жылкы революциялык кыймыл империянын тышкы аймактарына да таасир тийгизбей койгон эмес. Пишпек уездине 1905-жылдын октябрь айында келген түркстандык генерал-губернаторду уезддин тургундары менен кедей-дыйкандары өкмөткө каршы чакырыктар менен тосуп алышкан. Ушул эле жылдын ноябрь-декабрь айларында Жети-Суу областынын Пишпек, Верный жана Жаркент уезддеринде дыйкандардын козголушу байкалган.