Бир канча топко бөлүнгөн Кыргызстан жазуучулары бир уюмга баш кошушкан. Кыргызстан жазуучуларын бириктирген тарыхый чогулуш Бишкек шаарында өткөн 13-курултайда ишке ашкан. Эгемендүүлүк жылдарынын башында көркөм сөз өнөрүнүн чеберлери үч-төрт топко бөлүнүп, алардын ортосундагы биримдик бузулган. Мурда мамлекет камкордугун көргөн жазуучулар арабөк абалда калып, алардын кызыкчылыгын көздөгөн уюмдашуу ырашкерчилик жоюлган.