23- Декабрь 1976 -жылы орусиялык спортчу Юлия Чепалова туулган

Лыжа тебүү боюнча Олимпиада оюндарынын 3 жолку чемпиону Юлия Чепалова Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында жарык дүйнөгө келген.

1981-жылы 5 жашында өзүнүн туулган жеринде шаар тургундарынын баары катыша ала турган лыжа тебүү боюнча жарыш өткөн. Ага Ю.Чепалова дагы катышып, алдынкы орунга ээ болгон. Спортчунун алгачкы машыктыруучусу өзүнүн атасы Анатолий Чепалов болгон. 9 жашында "Амур" спорттук клубуна караштуу бөлүккө кирип, спорттогу карьерасын баштаган.

"Нагано-1998" Кышкы Олимпиада оюндарында 30 чакырым аралыкта лыжа тебүү боюнча жарышка түшүп, алтын медалга ээ болгон. Ошондой эле "Солт-Лейк-Сити-2002", "Турин-2006" Кышкы Олимпиада оюндарында дагы чемпион аталган. Ю.Чепалова Дүйнө кубогунда жалпысынан 21 жолу жеңишке жеткен. 2008-2009-жылдары өткөн өлкө биринчилиги боюнча чемпиондуктан соң ага байланыштуу допинг чыры башталып, профессионалдык деңгээлдеги спорттук жарыштарга катышуу укугунан ажырап калган.

Спортчу лыжа тебүүдөн тышкары сулуулук сынактарына катышып, анын сүрөттөрү журналдардын башкы беттерине байма-бай чыгып турат. Ю.Чепалова "Эмгек сиңирген спорт чебери" наамына татыктуу болуп, 1998-жылы Олимпиададагы жетишкендиктери үчүн Ардак грамотасы, 2003-жылы "Мекен алдындагы кызматы үчүн" ордени менен сыйланган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан